Кыргызстанда бир суткада 15 өрт кырсыгы катталды

Кыргызстанда акыркы 24 саатта 15 өрт кырсыгы катталды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен Бишкек шаарында 5, Чүй облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 2, Ош облусунда 1, Талас облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Нарын облусунда 2 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.