Кыргызстанда балдарды коргоо боюнча 2023-2027-жылдарга карата программа иштелип чыгат

Омбудсмен Жыпариса Рысбекова БУУнун Балдар фондусунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм менен балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жаатында кызматташуу боюнча жолугушту. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат агенттиги кабарлады.

Анда белгилүү болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар системалуу мүнөздөгү жана КРнын балдардын укуктары боюнча комиссарынын атынан мамлекеттик институттарына олуттуу көңүл бурушун талап кылган көйгөйлүү маселелерин талкуулашты.

Тактап айтканда, балдардын жакырчылыгын азайтуу, балдардын социалдык коргоого жеткиликтүүлүгү, балдарга карата зомбулукту жоюу, негизги билим берүү жана саламаттыкты сактоо кызматтарына жетүү маселелери камтылган кызматташуунун негизги багыттары аныкталды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Жыпариса Рысбекова менен Кристин Жольм балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүүнү жана коргоону камсыз кылуу жаатында биргеликте долбоорлорду ишке ашыруу, 2023-2027-жылдарга ЮНИСЕФ тарабынан иштелип чыккан өлкөнүн программасынын долбоорун даярдоо жөнүндө макулдашышты.


Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.