Кыргызстанда балдар жана өспүрүмдөр кинофестивалы старт алды

Өлкөдө 10-17 жашка чейинки балдар жана өспүрүмдөрдү «Карек» аттуу республикалык балдар кинофестивалы старт алды. Катышуу үчүн каалаган жанрда, камерага же телефонго 10 мүнөткө чейинки кыскаметраждуу кино тартуу керек.

Темалар: “Мен жана менин үй-бүлөм”, “Мен жана табият”, “Бул менин дүйнөм”.

Катышуу акысыз, тасмалар 2019-жылдын 5- октябрына чейин karekfest@gmail.com дарегине кабыл алынат.

Кинофестиваль 2 күнгө созулуп, кызыктуу программаларды камтыйт.

  • Кино тартылуучу цехтерге экскурсия
  • Кыргыз киносунун мэтрлеринен мастер-класстар
  • Лауреаттардын тасмаларын чоң экрандан көрсөтүү
  • Салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземи
  • Фотосессия жана видеоинтервью.
  • Концерттик программа.

Жеңүүчүлөр статуэткалар, дипломдор жана белектер менен сыйланышат. Мыкты тасмалар Кыргызстандын атынан эл аралык балдар кинофестивалдарына жөнөтүүгө мумкунчулук алышат. 

Сынакта 10 номинация бар. Алар: мыкты көркөм тасма, мыкты анимациялык тасма, мыкты документалдык тасма, БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) атайын сыйлыгы – “Балдар жөнүндө конвенцияга 30-жыл”, мыкты режиссер, мыкты оператор, мыкты сценарист, мыкты монтажер, мыкты жаш актер, мыкты жаш актриса, калыстардын атайын сыйлыгы.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген