Кыргызстанда баланы мектепке жайгаштырууда ата-энелерге жардам берүү өнөктүгү жүрүүдө

Кыргызстанда жыл сайын өткөрүлүүчү “Баламды мектепке кабыл алгыла” акциясы уланууда. Бул тууралуу балдардын укугун коргоочулардын лигасынан билдиришти.

Белгиленгендей, акция 15 -февралда башталган жана ушул жылдын 15 -октябрына чейин уланат.

“Баламды мектепке кабыл алгыла” акциясы быйыл 13-жолу өткөрүлүп жатат.

Максат – мектепке киргенде балдарга жана алардын ата -энелерине укуктук жардам көрсөтүү.

Укук коргоочулар тарабынан төмөнкү жагдайлар боюнча юридикалык кеңештер жана жардамдар да көрсөтүлөт:

  • балдар мектепке электрондук каттоого кире албаган, мектепке кабыл алынбай калган учурда;
  • администрация кирүү акысын талап кылган учурда;
  • жашаган жери менен каттоосунун айырмасынан улам пайда болгон көйгөйлөр пайда болгон учурларда;
  • мектепке даярдоо курстарын аяктагандыгы тууралуу сертификатты талап кылуу ж.б.

Ошондой эле фонддон ар бир иш көзөмөлдөө астында турганын белгилешти.

Мындан тышкары, фонд мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жашаган жери боюнча билим алуусуна жардам берет.

Суроолор жана жардам алуу үчүн төмөнкү номерлерге кайрылса болот: 0709845775, 0556409082 же “Балдардын укуктарын коргоочулардын лигасы” КФнын мессенжери аркылуу.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 15 -февралынан бери фондго 3 миңге жакын ата -эне жардам сурап кайрылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.