Кыргызстанда аз камсыз болгон карыларга акысыз медициналык кароо өткөрүлүүдө

Борбор калаада Эл аралык карылар күнүнө карата бир айлык өтүп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, бир айлыкты шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы 15 -сентябрдан 15 -октябрга чейин: “Улгайган адамдарга көңүл жана кам көрүү!” Деген ураан астында өткөрөт.

Белгиленгендей, бул мезгилде шаардык саламаттыкты сактоо уюмдары оор турмуштук кырдаалда, баш калкалоочу жайларда жана интернаттарда жашаган улгайган адамдарды акысыз тереңдетилген медициналык текшерүүдөн өткөрүшөт. Алар көрсөтмөлөр боюнча кошумча милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасы боюнча дары -дармектер менен камсыздалган.

Оор жана төшөктө жаткан улгайган бейтаптарды, узак мөөнөттүү жана көбүнчө оорулуу карыларды медициналык кароо жана үйгө активдүү баруу уюштурулат, стационардык дарыланууга муктаж болгон улгайган адамдарды өз убагында ооруканага жаткыруу камсыздалат.

Мамлекеттик кепилдик программасынын алкагында улгайган адамдарга стоматологиялык кызматтар да көрсөтүлөт: ооз көңдөйүн санитариялоо, протездерди акысыз түрдө оңдоо, арзан материалдардан протездерди жасап чыгаруу.

Иш -чара КРнын өкмөтүнүн 2012 -жылдын 10 -апрелиндеги № 237 “Кыргыз Республикасында балдарды, карыларды жана майыптарды коргоо боюнча эл аралык күндөрдү жыл сайын өткөрүү жөнүндө” токтомун ишке ашыруу, ошондой эле жалгыз бой карыяларга, майыптарга – карылар үчүн интернаттарга жана “Коломто” кайрымдуулук үйүнө колдоо көрсөтүү максатында өткөрүлүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.