Кыргызстанда аралыктан иштөөнү мыйзамдаштыруу сунушталууда

Кыргызстанда аралыктан иштөөнү эмгек кодексине киргизүү сунушталууда. Тиешелүү өзгөртүүлөр саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Негиздөө маалымдамасында белгиленгендей, бүгүнкү күндө эмгек кодексинде үй жумушчуларынын ишин жөнгө салуу каралган.

Жаңы ченемдерди эмгек мыйзамына киргизүү менен, кызматкердин үйүндө иштөөнү уюштурууга мыйзамдуу мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Келишим түзүүдө, кызматкер менен түзүлгөн эмгек келишимине аралыктан иштөө пункту киргизилиши керек. Келишимде алыста иштеген жумушчунун жабдууларды, программалык камсыздоону жана техникалык каражаттарды, маалыматты коргоо каражаттарын жана жумуш берүүчү тарабынан өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда сунуш кылган же башка каражаттарды колдонууга милдеттенмесинин кошумча шарты каралышы мүмкүн.

Ошол эле учурда, мыйзам долбоорунун ченемдерине таянуу менен, эгерде кызматкер өзүнүн байланыш каражаттарын туруктуу пайдаланган учурда, иш берүүчү компенсация төлөп берет, анын өлчөмү жана төлөө тартиби кызматкер менен макулдашылат.

Сунуш кылынган мыйзам долбоорунун маанилүү пункту – кеңседе иштебеген кызматкерди иш берүүчү өзүнчө түзүмдүк бөлүмгө каттоого милдеттендирбейт. Анткени аралыктан иштеген жумушчу үчүн стационардык иш орду уюштурулбайт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.