Кыргызстанда аналогдук теле берүү өчүрүлдү

Бүгүн, 15-майда Кыргызстанда аналогдук теле берүү өчүрүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Мындан ары жарандар санарип аркылуу каналдарды көрө алышат. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев маалымдагандай, социалдык пакеттеги санариптик телеканалдардын эфирин таркатуу үчүн өлкө боюнча 54 санариптик тараткыч орнотулду.  Бул республикадагы калктын 95% санариптик телеберүү менен камсыздайт. Калктын калган 5% 326 калктуу пункта “радиобайланыш жетпеген аймактарда” жашагандыктан, санариптик телеберүү камтыла элек.

Анадогдук теле берүү 2017-жылдын 15-майында өчүрүлөрү тууралуу буга чейин жарандарга эскертүүлөр берилип келген.  Учурда социалдык пакетте 13 мамлекеттик канал бар. Мындан сырткары, жеке каналдар дагы өз кызматын улантып жатат. Жалпысынан Бишкек шаарында санарип аркылуу 54, Ошто 30дан ашуун канал көрөтөт.

Сүрөт: www

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.