Кыргызстанда алты жылда жөлөк пул алуучулардын саны 135 миңге азайды

Кыргызстанда аз камсыз болгон балдарга берилүүчү жөлөкпул боюнча жаңы мыйзам сунушталууда. Анда жаңы төрөлгөн бардык балдарга 4 миң сом сүйүнчү пул берилери, экинчиси – үч жашка чейин балдар ай сайын 700 сом алуусу белгиленген. Үчүнчүсү үч баладан көп баласы бар үй-бүлөдөгү балдарга 16 жашка чейин айына 500 сомдон жөлөкпул берүү керектигин сунушташты.

Жаңы мыйзам кабыл алынса, жөлөкпул үчүн бюджеттен кошумча 1,8 млрд сом керек болот. Учурда жөлөкпул үчүн 6 млрд сом бөлүнөт. Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытованын билдиришинче, жогорудагы сумманы табуу үчүн Финансы министрлиги орточо эсеп менен 1,8 млрд сомду берерин билдирди. Эгерде 2018-жылы 1-январынан жаңы мыйзам ишке ашса балдардын социалдык абалы жакшырып, наристелердин көп төрөлүшүнө себеп болот.

Азыр Кыргызстанда 2 млндон ашык бала бар. 16 жашка чейинки балдар 360 миңден ашык. Эгерде мыйзам ишке ашса 660 мин бала жөлөкпул алат.

“Ынтымак” алты жыл ичиндеги жөлөкпул алуучулардын негизги сандарын чогултту. Ошондой эле алардын облустарга бөлүнүшүн топтоду.

Үй-бүлөнүн жалпы кирешесин ар бир мүчөсүнө бөлгөндө 1 адамга бөлүнгөн каражат 900 сомго жетпей калган учурда гана ата-энелер балдарына жөлөкпул ала алат. 2011-жылдан 2016-жылга чейин жөлөкпулдун өлчөмү 370 сомдон 800 сомго чейин өстү. Мунун негизинде 1 балага берилүүчү жөлөкпулдун өлчөмү 810 сомго жетти. 2015-жылга чейин 705 сомдон берилчү. Ага чейинки жылдары үй-бүлөдөгү кирешеге карап берилип келген.

Жөлөкпул берүүдө мындан сырткары  салык кызматында ишкер катары катталгандар да пособие албай турганы айтылды. Ага нааразы болгон Кара-Кулжа районунун тургундары маселени чечип берүү талабы менен чыгышты. Алар ушул жылдын 30-мартында мыйзамга бир пункт кошумчаланып, анда пособие алуучуларга салык инспекциясы тарыбынан жеке ишкерлик боюнча маалымат тиркелсин деген буйрук чыкканын айтышууда. Нааразы болгондордун саны жүзгө чукул. Алардын баары мамлекет тарабынан чыккан чечимдин негизинде жөлөкпулдан кол жуугандар.

Кара-Кулжа районунун социалдык өнүгүү башкармалыгын башчысы Жамал Шарипованын айтымында, башкармалык ишкерлик боюнча маалыматтын аныкталышы менен чыныгы жөлөкпулга муктаждарды аныктап жатат. Тургундар жөлөкпулга кетчү документтерди алгач айыл өкмөттө түзүлгөн комиссияга текшертет. Андан соң социалдык өнүгүү башкармалыгы бардыгын кайрадан карап чыгып, ошонун негизинде социалдык абалы оор үй-бүлөлөр гана жөлөкпул алып баштайт.

Сүрөт: Спутник

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.