Кыргызстанда алты жылда 500дөн ашык адам сууга чөгүп каза тапты

Кыргызстанда жыл башынан бери 57 адам сууга чөгүп кетти. Анын 16сы жаш балдар. Акыркы алты жылда болсо 500 адам сууга чөгүп каза болду. “Ынтымак” адам өмүрүн алган кооптуу дарыялар, адамдар каза тапкан облустардагы көрсөткүчтөр жана сууга түшүүдөгү эрежелер тууралуу маалыматтарды чогултту.

Сууга чөгүп каза болгондор боюнча көрсөткүч акыркы үч жылда кескин көбөйдү. 2012-жылы 66 адам сууга чөксө, 2016-жылы бул сан эки эсеге өстү.

Өлкөдө жылына орточо эсеп менен 80 адам сууга чөгүп каза тапса, анын теңинен көбүн эркек кишилер түзөт. Анткени алар мас абалында чөмүлүп, өзүн башкаруу жөндөмдүүлүгүн жоготуп коюшат. Адистер ичимдик ичкен абалда сууга түшпөөгө чакырганы менен түшүндүрүү иштери натыйжасын бербей жаткандай.

Кыргызстандагы кооптуу каналдар:

Чүй облусу боюнча Чу дарыясы жана Чоң Чүй каналы.

Жалал-Абадда Нарын дарыясы. Мындан сырткары Кара-Дарыя менен Көк-Арт дарыялары кооптуу.

Таласта “Талас” дарыясы, Баткенде Төрт-Күл суу сактагычына чөккөндөр көп болсо, Ысык-Көл облусунда көлдүн өзү кооптуу болуп эсептелет.

Ошто Ак-Буура дарыясына чөккөндөрдүн саны арбын.

Адистер адам өмүрүн сактап калуу үчүн каналдарга эмес адамдарды бассейндерге түшүүнү сунушташат. Анткени анда куткаруучулар болгондуктан, кооптонууга негиз жок экенин белгилешет.

Кандай убакта сууга түшүүгө болбойт?

 – спирт ичимдигин ичкен убакта (мас абалында адам өзүн башкара албай калат)

– абанын температурасы 18 градустан төмөн учурда сууга түшүүгө болбойт

– күн бүркөк же катуу шамал болуп жатканда

– ачкарын же суусап турган убакта

– тамактангандан кийин 1,5 саатка чейин

– алсырап, чарчап турганда

– ооруп жатканда же ысык өтүп, температура жогорулап кеткенде

Сууда канча убакыт бою сүзүүгө болот?

  • Эң көп 15 мүнөткө чейин сууга түшсө болот.

Картинки по запросу сууга чөгүү

Сууга чөгүп баратканда эмне кылуу керек?

  • Эң биринчиден өзүн-өзү жоготпой, тынчтыкты кармоо зарыл. Кескин кыймыл жасабоо керек. Анткени суу оозго, өпкөгө тез толуп, буттун тарамыштары түйүлүп калат. Терең дем алып, абаны өпкөдө 30 секунддай кармоого аракет кылса натыйжалуу болот.
  • Эгер сууга түшүп жатканда тарамыш түйүлүп калса, коркпостон терең дем алып, башты сууга чумкутуп, денени бош таштап, суу үстүндө калкуу керек. Андан соң, сүзүүнүн кыймылын өзгөртүп, бутка күч келтирбей кол менен иштөө керек.

Сууга чөгүп кеткен кишиге кандай жардам берүү керек?

  • Эгер жабыркаган адам эстен танбаса, тамырынын кагышы, дем алуусу кадимкидей болсо, демикпесе аны кургак, катуу нерсенин үстүнө башын эңкейиштете жаткырып, денесин сүлгү менен кургата аарчып, чай же кофе ичирип, жылуу жаап жаткырып коюу керек.
  • Суудан алып чыкканда анын тамыры кадимкидей эле кагып, дем алса, бирок эс-учу жок болсо, башын чалкалатып, оозунун ичин балыр, ылай, кусундудан тазалап , этин кургата сүртүп, нашатырь спиртин жыттатып, дем алуусун активдештирүү үчүн тилин улам-улам тартып турган оң.
  • Эгер жүрөгү согуп, бирок дем албаса, тезинен жогорудагы бардык чараны көрүп, ооз менен оозго же ооз менен мурунга жасалма дем алдыруу зарыл.
  • Дем албаса, жүрөгү да сокпосо, жасалма дем алдыруу менен жүрөк массажын жасоо керек. Биринчи жардам көрсөткөндөн кийин жабыркаганды абалына карабастан жакын арадагы медициналык мекемесине жеткирүү зарыл, анткени бардык учурда, ал тургай жеңил жабыркаганда да оор кабылдоодон адам өлүмгө дуушар болушу мүмкүн.

Сууга чөгүп каза тапкандар боюнча маалыматтар ӨКМнен алынды. Сууга түшүүдөгү эрежелер боюнча маалыматтар болсо “mes.kg” жана “ky.wikipedia.org” сайттарынан колдонулду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.