Кыргызстанда алгачкы жолу триатлон боюнча Азия чемпионаты өтөт

Чолпон-Атада 17-19-сентябрь күндөр аралыгында U15 категориядагы (13-15 жаш) профессионал спортчулар жана балдар арасындагы триатлон боюнча Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу мамлекеттик спорт агенттигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Анда белгилүү болгондой, чемпионатка катышкан профессионал спортчулардын жалпы саны 57, алар 9 өлкөнүн өкүлдөрү: БАЭ, Япония, Иран, Казакстан, Өзбекстан, Палестина, Иордания, Бахрейн жана Кыргызстан.

Азия чемпионатынын 3 күндүк программасына төмөнкүлөр кирет:

  • 17 -сентябрь – коноктордун жолугушуусу, трек менен таанышуу, спортчулар үчүн брифинг;
  • 18 -сентябрь – профессионалдар жана балдар арасында мелдештер.

Sprint дистанциясында элиталык категориялар боюнча (бойго жеткен профессионал спортчулар төмөнкү категорияларда мелдешишет):

  • 750 метр сүзүү, 20 км велосипед, 5 км чуркоо.

U15 категориясы (13-15 жаштагы балдар жана кыздар, дистанция Super Sprint):

  • 300 метр сүзүү, 8 км велосипед жана 2 км чуркоо.

19 -сентябрь – олимпиадалык аралыкта ышкыбоздор арасындагы мелдештер:

  • 1,5 км сүзүү, 40 км велосипед жана 10 км чуркоо.

Супер Спринт аралыкта:

  • 300 метр сүзүү, 8 км велосипедде жүрүү жана 2 км чуркоо болот.

Сууда сүзүү боюнча мелдештер – Ысык -Көлдүн акваториясында, велосипед тебүү – Чолпон -Ата – Бостери трассасынын бөлүгүндө жана чуркоо боюнча мелдеш- “Каприз” ден соолук борборунун аймагында болуп өтөт.

“Иш -чаранын түз эфири KyrgyzSport TV, TV1KG жана TriathlonLive.kg каналдарында жеткиликтүү болот”, – деп айтылат билдирүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.