Кыргызстанда алгачкы жолу гемофилия менен ооруган адамга операция жасалды

Кыргызстанда алгачкы жолу гемофилия оорусу менен жабыркаган адамга операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, Аскат Букарбаев аттуу бейтапка жасалган операция эки жарым саатка созулуп, ага Орусия гемотологияны медициналык изилдөө улуттук борборунун профессорлору Владимир Зоренко жана Татьяна Полянска катышкан.

“Учурда бейтаптын абалы канааттандыраарлык. Орусиялык дарыгерлер канды катытуучу атайын кымбат баалуу 400 миң даана концентратты бекер беришти”,- дейт Онкология жана гемотология улуттук борборунун директору Эрнис Тилеков.

Кыргызстанда жалпы 370ке жакын адам гемофилия менен жабыркайт. Алардын 127си 16 жашка чыга элек балдар.

Гемофилия- кандын токтобой аккан өнөкөт оорусу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген