Кыргызстанда 60ка жакын мыйзамсыз көп кабаттуу үй бузуу коркунучунда

Кыргызстанда мыйзамсыз курулуп жаткан 59 көп кабаттуу үй аныкталды. Бул тууралуу мамлекеттик курулуш комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кабарлангандай, уруксат берилбеген имараттардын 37си, Ошто – 18, Чүй облусунда – 4.

Тиешелүү уруксат кагаздары жок курулган бул имараттар боюнча мыйзам чегинде керектүү чаралар көрүлүп, материалдар тиешелүү органдарга жөнөтүлгөн.

Белгиленгендей, кээ бир үйлөр шаардын так борборунда жайгашкан.

Мамкурулуш дагы бир жолу шаар куруу жана архитектуралык документтери жок объекттерди куруу мүмкүн эместигин эске салды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.