FB Twitter YouTube Одноклассники

Кыргызстанда 592 миң бала өзүн жана үй бүлөсүн багат

1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү. Ага карата өлкөнүн бир катар аймактарында майрамдык иш чаралар уюштурулуп, балдарга оюн-зооктор өткөрүлдү.  “Ынтымак” Кыргызстандагы балдардын жумушка тартылуусу, аз камсыз болгон катмардагы балдар, алардын саламаттыгы тууралуу негизги сандарды чогултту.

Интернаттардагы 11 миңден ашык баланын ар бирине бюджеттен 7 миң сомдон бөлүнөт. Анын 3 пайызы гана баланын керектөөсүнө – тамагына, кийим жана дарысына жумшалып, калганы административдик чыгымдарга кетет.Бүгүнкү күндө Кыргызстанда кароосуз калган жана жетим балдарды баккан 86 мекеме бар.

Өкмөттүк эмес уюмдардын изилдөөлөрү боюнча Кыргызстанда ар бир үчүнчү бала жакырчылыкта жашайт. Ал балдардын укугу корголгон эмес, билим алуусу үзгүлтүккө учураган.

Кыргызстан Балдардын укугу жөнүндөгү Конвенцияны 1994-жылы ратификациялаган. Ал эми 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү 1949-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун атайын сессиясында кабыл алынып, 1950-жылдан тартып майрам катары белгиленип келет.

Бул материал “Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосунда ишке ашып жаткан “Ынтымакта” мультимедиалык редакция түзүү” долбоорунун алкагында даярдалды.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz