Кыргызстанда 21-июнь күнү нике күбөлүгүн алгандардын рекорддук саны катталды

Кечээ, 21-июнда, ЗАГС бөлүмдөрүнүн алдында никелердин рекорддук саны катталды. Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Анда белгилүү болгондой, Кыргызстанда 87 түгөй 21-июнда баш кошкон. Бишкекте 22 жуп никесин расмий каттоодон өткөрүштү. Каттоо аземи Той сарайында өттү. Баш калаанын төрт районунда 14 түгөй баш кошушкан.

21-июнь – жылдын эң узак күнү жана эң кыска түнү болуп саналат.

Эң көп агым Ош шаарында байкалды. Нике тойун 41 жуп өткөргөн. Чүй облусунда- 5, Ысык-Көлдө – 4, Баткенде – 3, ал эми Таласта 1 гана жуп расмий түрдө мамилесин ырасташты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.