Кыргызстанда 16-майдан тарта жаан-чачындуу аба ырайы күтүлөт

Өлкөдө 16-майдан 19-майга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул күндөрү мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондорго карга айланышы мүмкүн.

Кыргызгидрометтен кабарлашкандай, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөп: Чүй, Талас Ош, Жалал-Абад облустарынын аймактарында 18 23 градусту түзөт. Бийик тоолуу райондордо 0-5° суук болушу күтүлүп жатат.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген