Кыргызстанда 10-11 сентябрь күндөрү аба ырайы кескин түрдө өзгөрөт

Кыргызстанда жылуу жана кургак аба ырайына байланыштуу 10-11-сентябрда аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлүп жатат. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

10-сентябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

11-сентябрга караган түнү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында кыска мөөнөттү жаан жаап, күн күркүрөйт. Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир жерлерде 17-22 метрге жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы транспорт, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишине тоскоолдук жаратат, ошондой эле жайлоолордо мал багууну кыйындатат.

Эртең, 9-сентябрда өлкө боюнча аба ачык болот. кээ бир аймактарда шамал жүрүп жаан жайт.

Аймактарда абанын температурасы төмөнкүдөй:

  • Чүй облусунда түнкүсүн +14 +19, күндүз +28 +34;
  • Талас облусунда түнкүсүн +6 +10, күндүз +25 +30;
  • Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15 +20, күндүз +31 +34;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7 +11, күндүз +23 +27;
  • Нарын облусунда түнкүсүн +4 +7, күндүз +22 +28 градус ысык болот.
  • Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +17 +20, күндүз +32 +34 градус ысык болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.