FB Twitter YouTube Одноклассники

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия жогорулайт

Өлкөдө ушул жылдын 1-октярбрынан тартып пенсиянын өлчөмү  жогорулайт. Бул тууралуу токтомго премьер-министр Сооронбай Жээнбеков  кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. 

Документ пенсионерлердин жашоо деңгээлин мындан ары колдоо  максатында КРнын “Мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө” токтомуна ылайык  кабыл алынды.

Социалдык фондунун төрагасы Теңизбек Абжапаровдун айтымында, 2017-жылдын 1-октябрындагы  жогорулоодон кийин республика боюнча пенсиянын орточо өлчөмү 516 сомго көбөйөт жана ал 5517 сомду түзөт. Жыл башынан өсүү  108,6%,  азыркы учурдагы өсүүнүн жогорулоосу  – 110,3% түзөт. 5000 сомго чейинки пенсия үчүн жогорулатуу  өлчөмү орточо 113,2%, ал эми 5000 сомдон жогоркулар үчүн орточо– 107% түзөт.

Жогорулатуу механизмдери төмөнкүдөй үлгүдө ишке ашырылат:

– 2017-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сом өлчөмүндө белгиленүүдө, өсүү 280 сомду түзөт;

-Пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү 1,05 индексациялоо коэффициент өлчөмүндө  жогорулатылат, бирок 240 сомдон кем эмес өлчөмдө индексация жүргүзүлөт.

Индексациялоо коэффициенти өткөн жылдагы инфляциянын өсүшүнүн жана эмгек акынын өсүшүнүн негизинде эсептелет.

-биринчи топтогу майыптардын жалпы пенсиясынын өлчөмү өткөн жылдагы пенсионердин жашоо минимумунун (ПЖМ) көлөмүнөн төмөн эмес белгиленет.

Мында 2016-жылдын 1-октябрынан 31-декабрына чейин дайындалган пенсиялар үчүн  2015-жылдагы пенсионердин жашоо минимумунунан төмөн эмес 4637 сом өлчөмүндө белгиленет, ал эми 2017 жылы чектелген пенсиялар үчүн  -2016-жылдын пенсионердин жашоо минимумунунан төмөн эмес -4304 сом өлчөмүндө белгиленет.

Сүрөт: argumenti.kg

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz