Кыргызстан Вьетнам курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы ушул жылдагы алгачкы оюнун март айында өткөрөт. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы кабарлады. 

Маалыматка ылайык,  Александр Крестинин шакирттери 26-март күнү Вьетнам курамасы менен  Ханой шаарында күч сынашат. Бул оюн Кыргызстандын 2022-жылы боло турган дүйнө биринчилигине жана 2023-жылы өтүүчү Азия кубогуна даярдык болуп саналат.

Учурда ФИФА рейтингинде Кыргызстан 96-орунда турса, Вьетнам 94-тизмеде.

Белгилей кетсек, Ак Шумкарлардын дүйнөлүк чемпионатка чыгуу алкагындагы кезектеги оюну 31-март күнү Мьянма менен болот.

Футбол: “Нефтчи” “Худжанд” клубун утуп алды

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген