Кыргызстан Тажикстан менен чек арага убактылуу чектөө киргизди

Тажикстан менен чек арада убактылуу чектөөлөр киргизилгенин УКМКнын чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

«КРнын министрлер кабинетинин 2021-жылдын 21-майындагы No 12-р токтомуна ылайык, Тажикстандын жарандары үчүн Кыргызстандын аймагына кирүүгө жана чыгууга, аймакта болууга, жүрүүгө жана транзит менен өтүүгө убактылуу чектөөлөр киргизилген, ошондой эле кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан Кулунду-Автодорожный, Кайрагач-Автодорожный, Кызыл-Бел-Автодорожный, Бордебо-Автодорожный жана Карамык-Автодорожный өткөрүү пункттарында товарларды жана транспорттук каражаттарды Тажикстан Республикасына алып өтүүгө чектөө коюлду», – деп айтылат билдирүүдө.

Өзгөчө учурларда:

– Кыргызстан менен Тажикстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү;

– чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле Кыргызстандын жана Тажикстандын расмий адамдары КРнын компетенттүү органдарынын макулдугу менен өтө алышат.

Ошол эле учурда, Тажикстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандары Кыргызстанга кайтып келе алышат, ал эми Кыргызстандын аймагында болгон Тажикстандын жарандары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттары аркылуу Тажикстанга кете алышат.

Эске салсак, Тажикстандын жарандары үчүн Кыргызстанга кирүүгө чектөөлөр эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы No 84-р токтомуна ылайык, 2020-жылы эле киргизилген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.