Кыргызстан түркмөн газын жана электр энергиясын жеткирүү боюнча макулдашты

Кыргызстан күз-кыш мезгилинде түркмөн газын жана электр энергиясын жеткирүү боюнча макулдашты. Мындай келишим президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга жасаган расмий иш сапарынын жыйынтыгында кабыл алынды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, Түркмөнстандан газ жана электр энергиясын жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр буга чейин жүргүзүлгөн. Токтогул суу сактагычындагы суунун аз көлөмүнө байланыштуу электр кубатынын жетишсиздигинен улам, Кыргызстан Өзбекстан жана Казакстан менен электр энергиясын алмашуу жөнүндө келишим түзгөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.