Кыргызстан Түркиянын COVID-19 вакцинасынын клиникалык сыноолоруна катышат

Кыргызстанда коронавирустук инфекцияга каршы Turkovac вакцинасы боюнча изилдөөнүн үчүнчү этабы өтөт. Бул тууралуу Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа маалымат жыйынында билдиргенин аталган өлкөнүн маалымат булактары жазып чыкты.

Фахреттин Кожанын айтымында, жаңы дарыны текшерүүгө 40 миң адам жана 800 ыктыярчы катышышат.

«Изилдөө Венгрияда, Азербайжан жана Кыргызстанда болуп өтөт. Дагы бир нече өлкөнү изилдөөгө киргизүүгө аракет кылып жатабыз, сүйлөшүүлөр улантылууда ”, – деди министр.

Turcovac вакцинасы Эрджиес университети жана Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан иштелип чыккан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.