Кыргызстан Палестина менен жолдоштук беттеште тең чыкты

Футбол боюнча Кыргызстан курама командасы менен Палестина курамасынын жолдоштук беттеши 1:1 эсебинде аяктады. Оюн  Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөрүлдү.

Беттеш башталары менен Палестина коргоочуларынын катасынан пайдаланган Мирлан Мурзаев дарбазачыны да алдап өтүп, эсепти ачты. Кыргызстан – Палистина 1-0.

Ал эми коноктор 39-мүнөттө жооптук голду Павел Матяш дарбазасына киргизишти. Андан ары эки команданын оюнчулары канчалык аракет кылбасын, башка гол жарата алышкан жок.

Эске салса кетсек, Кыргызстан Палестина ушуну менен 4-жолу беттешти. Алгач 2006-жылы Азия чакырык кубогунда Кыргызстан аттандашын 1-0 эсебинде уткан.  2009-жылы ушул эле эсеп катталса, 2014-жылы оомат Палестина тарапта болду.

Эми Александр Крестининдин шакирттери 10-сентябрда дагы бир жолдоштук беттеш өткөрөт. Кыргызстан курамасы үч күндөн кийин сириялыктарды кабыл алат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген