Кыргызстан Орусиядан кумшекер жана өсүмдүк майын сатып алат

Кыргызстан Орусиядан кумшекер жана өсүмдүк майын сатып алат. Мындай маалымат Айыл-чарба министрлигинен белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, азык-түлүккө болгон бааны турукташтыруу максатында 500 тонна күн карама майы жана 3 миң тонна кумшекер

жеткирүү боюнча келишимдер түзүлдү. Азыктар Кыргызстанга апрелде импорттоло баштайт.

Кыргызстанда өсүмдүк майынын учурдагы баасы 1 литри 160 сомго жетип, кумшекер 60 сомго барабар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.