Кыргызстан Ооганстан жарандарына виза берүүдө чектөө киргизди

Кыргызстан Ооганстандагы акыркы окуяларга байланыштуу анын жарандарына виза берүүгө чектөө киргизди. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен ырасташты.

Маалым болгондой, бул чаралар Ооганстандагы туруксуз аскердик-саясий кырдаалды эске алуу менен, ошондой эле Кыргызстандын аймагына каалабаган адамдардын кирүүсүнө жана качкындардын массалык түрдө киришине жол бербөө үчүн көрүлгөн.

Ошол эле учурда, чектөөлөр дипломатиялык жана кызматтык виза берүүдө колдонулбай тургандыгы белгиленген.

“Ооган студенттери үчүн Кыргызстанга виза берүү маселеси жактыруу стадиясында”, – деп жыйынтыктады министрлик.

Белгилей кетсек, буга чейин УКМК Кыргызстан мурда жергиликтүү билим берүү мекемелеринде окуган ооган жарандарына виза берүүнү улантууга, ошондой эле өлкөнүн жогорку окуу жайларында билим алууну каалаган 500 студентке чейин кабыл алууга даяр экенин билдирген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.