Кыргызстан мыкты саясий чечим үчүн Future Policy Award 2021 сыйлыгына ээ болду

Кыргызстан Future Policy Award 2021 алтын сыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу экономика жана каржы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

36 өлкөдөн көрсөтүлгөн 55 саясатчынын ичинен эки алтын жана үч атайын сыйлык алган жеңүүчүлөр тандалды.

Кыргыз өлкөсү 2015-жылы кабыл алынган өкмөттүн “Химиялык заттардын/аралашмалардын коопсуздугун классификациялоо системасы жана опурталдуулук жөнүндө маалымат берүүнүн элементтерине: маркалоого жана коопсуздук паспортуна талаптар жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” токтому үчүн сыйлык алды.

Ошондой эле, Швеция өлкөсү этап-этабы менен химиялык заттардын тизмеси үчүн алтын алган. Шри-Ланка, Филиппиндер жана Колумбия атайын сыйлыкка ээ болушту.

Future Policy Award 2021 химиялык заттардын адамдын ден-соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирлерин минималдаштырган эң натыйжалуу саясат чечимдерин тааныйт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.