Кыргызстан муфтийинин орун басары кызматынан кетти

Кадыр Маликов Кыргызстандын муфтийинин орун басары кызматынан кетти. Бул тууралуу теолог өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазган.

Ал ден соолугуна байланыштуу, кызматтан кетүү тууралуу арызын 23-июлда жазганын билдирген.

Теолог Кадыр Маликов 2020-жылдын 21-августунда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп дайындалган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.