Кыргызстан менен Өзбекстандын ЖМК жетекчилери Ташкентте жолугушту

4- 5- июль күндөрү Кыргызстандагы “Ынтымак” КРТРКсынын жана Өзбекстандын бир нече телеканалдарынын жетекчилеринин ортосунда кызматтык жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуу Өзбекстан Республикасында өтүп, ага “Ынтымак” КРТРКсынан башкы директору Толкун Эрмекбаев жана пиар менеджери Алибек Ажибеков, ал эми коңшу өлкөдөн “Өзбекстан” МТРКсынын төрагасы Алишер Хаджаев,“Яшлар”, “Дунё бойлаб”, “Тошкент” жана “Наво” телеканалдарынын башкы директорлору жана жооптуу кызматкерлери катышты.

ЖМКлардын жетекчилери Кыргызстан менен Өзбекстандын биримдигин, маданиятын жана келечектеги кызматташтыгын бекемдөө, эки өлкөнүн телерадиокомпания кызматкерлеринин тажрыйбаларын алмаштырууну максаттап, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

“Жолугушуу жогорку деңгээлде өттү. Анда биз эки өлкө биргеликте телекөрсөтүүлөрдү даярдап, теледолбоорлорду ишке ашырууну, ошондой эле биргеликте массалык иш- чараларды уюштурууну пландадык”,- деди “Ынтымактын” пиар менеджери Алибек Ажибеков.

Ушул эле жолугушуунун жүрүшүндө “Ынтымак” КРТРКсы менен “NAVO-MEDIA” жеке менчик ишканасынын ортосунда кызматташуу меморандуму түзүлүп, тиешелүү документтерге кол коюлду.

Меморандумдун негизинде “Ынтымак” КРТРКсынын 8 кызматкери документалдуу жана көркөм тасмаларды тартууга жана чет өлкөлүк кинолорду которуп, аларга үн берүү боюнча атайын окуудан өтөт. Журналисттерге түзүлүп жаткан мүмкүнчүлүктөрдүн баары SFCG Эл аралык мамлекеттик эмес корпорациясынын колдоосу менен ишке ашып жатат.

 

Жолугушуу Кыргызстандын “Ынтымак” КРТРКсы  жана Өзбекстандык кинорежиссёр, теле алып баруучу,  “NAVO-MEDIAнын” башкы директору Бурхан Шарапов тарабынан демилгеленди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген