Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттеринин тарыхый жолугушуусунан эң мыкты 9 цитата

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв 5-6-сентябрда Кыргызстанда мамлекеттик сапар менен болду. Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев кесиптеши Шавкат Мирзиёев менен “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында тар чөйрөдө жолугушуу өткөрдү. Алар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык, жалпы кызыкчылыктарга байланыштуу маселелерди талкуулашты.“Мейкин Азия онлайн” бул жолугушуудагы эң кызыктуу 9 цитатаны чогултту.

Тарыхый жолугушуу

1.jpg

Эки мамлекеттин тең башчылары бул жолугушууну тарыхый деп сыпатташты. Жолугушуунун маанилүүлүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев журналисттерге мынтип түшүндүрүп берди:

“Бул тарыхый сапар болот. Биздин мамилелердеги делимитация боюнча чоң көйгөйдү чечүү аягына чыкканы турат. Бул 1170  чакырымга созулган чек араны макулдашуу боюнча эки арадагы келишим болот. Калган 217 чакырым боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга эки тарап макулдашты. Алар ийгиликтүү өтөөрүнө үмүт артабыз. Делимитация маселесин чечүү эки өлкөнүн боордоштук, достук мамилесине түрткү берет”, – деди ал.

Жаз алдындагы жылуулук

2.jpg

Бул Өзбекстан президентинин акыркы 17 жылдагы алгачкы сапары. Маркум президент Ислам Каримов Кыргызстанга мындай сапары менен 2000-жылы келген. Көпчүлүк эксперттер Өзбекстанды Шавкат Мирзиёев жетектегенден бери эки кошуна мамлекеттин ортосундагы карым-катнашта жылуулук сезиле баштады дешет.

Атамбаев да Мирзиёевди досум, бир тууганым деп атап, эки президенттин ортосундагы бир туугандык дух Кыргызстан менен Өзбекстанды бириктириши керек деди. Эске салсак, ушул жылдын июлунда өткөн маалымат жыйынында Атамбаев “эми Өзбекстанга нормалдуу президент келди” деген эле.

Анткен менен орусиялык эксперт жана журналист Аркадий Дубнов “кыш чыгаардагы жылуулук – коркунучтуу. Табиятта да, саясатта да. Чыныгы жылуулук келгенче ортодо үшүк алуу болушу мүмкүн. Андыктан жылуу кийимдерди алыска жыйнабай туруу керек… Ал тургай Өзбекстанда да”, – деп комментарий берди  24.kg маалымат агенттигине.

Чек ара

3.jpg

5-сентябрда Атамбаев менен Мирзиёев “Мамлекеттик чек аралар” тууралуу эки тараптуу документке кол коюшту. Ага ылайык, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын талаштуу тилкелеринин 85%ы  такталды.

Чек ара – эки өлкө үчүн тең талылуу маселе. Ал Советтер Союзу кулагандан бери эле чечилбей келет, андыктан борборазиялык өлкөлөр аймакты бөлүштүрүү боюнча ар кандай документ жана карталарды сунуштап келишкен. Эми чек аранын 217 чакырымын тактоо гана калды.

Бирдиктүү мамлекет. Бул СССР эмес

4.jpg

Атамбаев ушундан кийин “чек аралар жайбаракат иштеп, адамдар телегерамма (ушул кезге чейин Кыргызстандын жарандары Өзбекстанга ал жактагы тууганынын өлүмү же акыркы сапарга узатуу зыйнаты боюнча телеграмма менен гана кире алышчу) күтүшпөй” турганына үмүт артарын билдирди.

Кыргызстандагы бийликте орун басуучулук үчүн

5.jpg

15-октябрда Кыргызстанда президентти шайлоо өтөт. Алмазбек Атамбаев, Конституцияга ылайык, бул өнөктүккө катышпайт. Ал буга чейин “мураскер” операциясы болбой турганын, бирок кийинки президент ал баштаган ишти улантса деген каалоосун билдирген. Атамбаев КСДП көрсөткөн Сооронбай Жээнбековду колдоп келет.

Аркадий Дубновдун айтымында, мындай билдирүү Атамбаев үчүн пайдалуу, анткени “Бишкек менен Ташкентти жакындатуу саясатын улантоочу анын талапкери үчүн азыркы бийлик өлкө түштүгүндөгү этникалык өзбектерди чакырышат”.

Бирок Мирзиёев өз кызыкчылыгы менен жүрүүдө. “Ушунтип ал кийинки – бешинчи кыргыз президентин, ал ким болбосун, ушул макулдашуулар менен аракеттенүүгө милдеттендирет”,  – дейт Аркадий Дубнов.

Өзекстандын президенти кимге ак дилден ич күйдүүлүк кылып жатат?

6.jpg

Президенттердин жолугушуусуна чейин экономикалык форум өтүп,  эки өлкөнүн ишкерлери жолугушкан. Мирзиёев бул иш чараны жогору баалап , ишкерлер эч кандай тоскоолдуксуз жолугушу керек деди. Министрлердин деңгээлинде да сүйлөшүүлөр орун алды.

Миризиёевдин Кыргызстандын экономика министрин мактаганынын дагы бир жүйөөсү бар, Артем Новиков болгону 30 жашта. Ал бул кызматка бир апта мурун дайындалды.

Мирзиёев Айтматовго кандай карайт?

7.jpg

Өзбекстан президенти Кыргызстандын президенти менен премьер-министрине Чыңгыз Айтматовдун өзбек тилиндеги топтомдорун белек кылды. “Мен Айтматовдун китептерин көп окудум, жазуучунун 27 чыгармасы өзбек тилине, төртөө каракалпак тилине которулган. Мен бул китепти сиздерге берейин дедим. Айтматов сиздердин уңгу үчүн көптү жасады, биз ошону улантып кетишибиз керек”, – деди Өзбекстандын башчысы.

Маалымат үчүн: Чыңгыз Айтматов “Кайра куруу, ачыктык – жашоонун деңгээли” аттуу макаласында Өзбекстандын өлкө экономикасы жана байыркы маданиятынын таасири тууралуу мынтип жазган: “Өзбек эмгекчилеринин өлкө үчүн кылганы баш ийип, таазим кылууга татыктуу. Көп кылымдык өзбек маданиятынын Орто Азия элдери үчүн жасаганын Византиянын Байыркы Руска таасири менен салыштырса болот”.

Күтүүсүздөн гидроэлектростанциялары тууралуу

8.jpg

Миризиёев Камбар-Ата-1 ГЭСин же Камбар-Ата-2 ГЭСин айттыбы, азырынча белгисиз. Канткен күндө да мындай билдирүү күтүүсүз,  анткени Ислам Каримов Кыргызстандын аймагында гидроэлектростанцияларын курууга каршы чыгып келген.  Ислам Абдуганиевич бул Өзбекстанда эле эмес, Борбор Азияда суу тартыштыгын жаратат деп эсептеген.

Каримов аймактагы суу көйгөйү “олутуу каршылык чакырмак тургай, согушка да алып келет” деп эсептечү.

Суу боюнча талаш-тартыш Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда Советтер Союзу кулагандан бери эле уланып келет, анткени бул эки өлкөнүн кызыкчылыктарын эске алган бирдиктүү суу-энергетикалык комплекс иштебей калды. Кыргызстандын аймагында суу ресурстарынын чоң запасы бар. Анын ылдыйында суу жетпей аткан Өзбекстан орун алган.

Кыргызстан дарыяларды негизинен электр алууга пайдаланат. Жайкысын күзгү-кышкы маалга өлкө суу топтойт. А Өзбекстанга суу дал ушул жайда суугат үчүн керек.

Боордош элдер

9.jpg

Кыргыздар – Өзбекстандагы эң ири этникалык азчылыктардын бири – 428 миңге жакын же өлкө калкынын 1,4%ын түзөт. Өз кезегинде өзбектер саны боюнча Кыргызстанда кыргыздардан кийинки экинчи орунда турат. 1999-жылкы акыркы эл каттоо боюнча, өзбектер Кыргыз Республикасынын калкынын 13,8%ын түзөт. 2010-жылга чейин өлкө түштүгүндө өзбек тилдүү жүздөгөн мектептер болгон. 2014-жылы Кыргызстандын жогорку окуу жайларына тапшыруудагы өзбек тилиндеги тест жоюлду. Маданий алакалар да үзүлгөн.

Быйыл акыркы 25 жылда биринчи жолу театрлардын гастролдору болду. Ушул жылдын октябрында Кыргызстанда Өзбекстандын маданиятынын жана тасмаларынын күндөрү өтөт. Өзбекстан Ошто мектеп куруу ниетинде, Мирзиёев өзү менен чогуу анын долбоорун да алып келди.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz