Кыргызстан менен Өзбекстандын Премьер- министрлери телефон аркылуу чек арадагы чыр боюнча сүйлөшүштү

8-апрелде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков менен Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Ариповдун ортосунда телефондук сүйлөшүү болду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчылар 7-апрелде кыргыз-өзбек чек арасында 1984-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жаранынын өлүмүнө алып келген инцидентти талкуулашты.

Тараптар эки өлкөнүн чек ара кызмат жетекчилеринин, ошондой тийиштүү ведомстволордун  деңгээлинде жолугушуу өткөрүү тууралуу макулдашышты.

Биргелешкен жумушчу топ дыкат тергөө жүргүзүп жана жакын арада жыйынтыктары тууралуу маалымат берээри маалым болду.

Эске салсак, Аксы районунун Курулуш айылынын 34 жаштагы тургуну 7-апрелде өзбек чек арачылары аткан октон жарадар болуп, Кербен шаарындагы ооруканада көз жумган. Мамлекеттик чек ара кызматы маркум Кыргызстандын аймагында, чек арага жакын Мамай айылына баратканда окко учканын билдирген.

Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматына караштуу Чек ара кошуундары мекемеси түшүндүрмө берип, Кыргызстандын жараны “чек ара тилкесин бузуп, Өзбекстандын аймагына киргени, жоокердин эскертүүсүнө, абага ок атылганына да маани бербегени, андан соң Кыргызстандын аймагына качып өткөнүн” айткан.

Сүрөт: Азаттык

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген