Кыргызстан менен Өзбекстан кино жаатындагы адистерди даярдайт

Кыргызстан менен Өзбекстан биргелешип кино жаатындагы адистерди даярдайт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өзбекстан Республикасы тарабынан уюштурулган “Жибек жолунун бермети” эл аралык кинофестивалынын алкагында маданият жана кинематография тармагындагы жогорку окуу жайлардын ректорлорунун катышуусунда “Кино билим берүү тармагындагы тенденциялар жана келечек” аттуу эл аралык конференция өттү.

Ага Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Грузия жана Түркиянын маданият тармагындагы бир нече жогорку окуу жайлардын ректорлору катышты.

“Жолугушууда бир катар маселелер талкууланды, анын жыйынтыгында Өзбекстан Республикасынын Кино агенттигинин директору Фирдаус Абдухаликовдун катышуусу менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду”, – деп белгилешти башкармалыктан.

Меморандумга ылайык, эми тараптар кино жаатындагы адистерди даярдоо боюнча комплекстүү биргелешкен аракеттерди көрүшөт.

Эл аралык конференцияга жана келишимге кол коюуга Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору Мамашарип Чотонов катышты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.