Кыргызстан менен Тажикстан башчылары чек ара маселесин талкуулашат

1-2-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстанга барат. Эки өлкө башчылары чек ара маселелери боюнча талкуу жүргүзүшөт. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева билдирди.

Жолугушууда бир катар олуттуу маселелер бар. Соода-экномикалык өз ара аракеттешүү маселелери боюнча пикир алмашуу болот. Мамлекеттер ортосунда товар алмашуу өсүп жатат, бирок анын темпи колдо бар мүмкүнчүлүктөргө шайкеш келбейт. Ошондуктан тараптар бул багыттагы иштерди активдештирүүнү пландашууда“, – деп белгиледи Айзада Субакожоева.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Тажикстанга расмий визитинин жыйынтыктары боюнча  бир катар документтерге кол коюлат. Эки мамлекет башчылары биргелешкен билдирүү кабыл алышат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген