Кыргызстан менен Түркмөнстан 15 эл аралык келишимге кол коюшту

Президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон иш сапарынын жыйынтыгында, ар кандай тармактарда 15 эл аралык келишимдерге жана меморандумдарга кол коюлду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошентип, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон расмий иш сапарын ийгиликтүү деп баалады. Анын айтымында, мамлекет башчысынын расмий иш сапарынын алкагында, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен тар жана кеңейтилген форматта эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү мүмкүн болду.

“Кыргызстан жана Түркмөнстан стратегиялык өнөктөштөр жана бир тууган элдер. Ошондой эле биз БУУ, ЕККУ, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши, КМШ жана башка көп тараптуу платформалардын алкагында активдүү кызматташабыз жана ишенимдүү өнөктөштөрбүз », – деди министр.

Мындан тышкары, бир күн мурун бизнес форум өткөрүлүп, анын жыйынтыгында эки мамлекеттин мамлекеттик жана жеке компанияларынын ортосунда 15 келишим түзүлгөн. Ошондой эле, ар кандай тармактарда 15 эл аралык келишимдерге жана меморандумдарга кол коюлду. Атап айтканда, айыл чарба, маданият, спорт, соода-экономикалык мамилелер, өндүрүштүк кызматташуу жаатында.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.