Кыргызстан менен Орусиянын Эриш-аркак жылынын максаты эмне?

Эриш-аркак жылынын алкагында Кыргызстанда жана Россияда саясий, экономикалык, аскердик жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө 200дөн ашуун иш-чара өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Эриш-аркак жылынын ачылыш аземи бүгүн, 27-февралда Москва шаарында (Россия) Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун жана Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин катышуусунда өтөт.

Эриш-аркак жылынын ачылыш аземи Мамлекеттик Кремль сарайында өтөт.

“Иш-чаранын алкагында Кыргызстан менен Россиянын чыгармачыл коллективдеринин катышуусунда гала-концерттин өтүшү күтүлүүдө”,- деди Данияр Сыдыков.

Эриш-аркак жылын өткөрүү жөнүндө макулдашууга 2019-жылы Россиянын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген.

Бул мамлекеттик сапардын алкагында жалпысынан 6 млрд АКШ доллардан ашуун суммага 50дөн ашык документке кол коюлуп, алар бүгүнкү күндө ишке ашырылууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-февралда иш сапары менен эки күнгө Москва шаарына учуп кетти.

Президент иш сапары менен Москвага учуп кетти

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген