Кыргызстан менен Казакстан электр энергиясын өз ара алмашуу боюнча макулдашты

Кыргызстан менен Казакстан электр энергиясын өз ара алмашуу боюнча макулдашышты.

Энергетика министри Кубанычбек Турдубаевдин айтымында, коңшу өлкөдөн 900 миллион киловатт-саат электр энергиясы импорттолот.

Алар үч жылдын ичинде бирдей үлүштө кайтарылат. Ошол эле учурда Казакстан транзит үчүн акы төлөйт.

Министр ошондой эле, Өзбекстан менен электр энергиясын алмашуу боюнча келишим бар экендигин белгиледи. Анын негизинде 628 миллион кубометр суу топтоого мүмкүн болгон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.