Кыргызстан менен Афганистандын тышкы иштер министрлери биргелешкен “Жол картасын” кабыл алуу зарылдыгын талкуулашты

Анталия дипломатиялык форумунун алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Афганистандын тышкы иштер министри Мохаммад Ханиф Атмар менен жолугушту. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, эки мамлекеттин тышкы иштер министрилигинин башчылары эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин талкуулашты. Саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык жаатында, ошондой эле эл аралык терроризмге жана баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүү жаатында кызматташууну күчөтүү максатында, тараптар адистештирилген мекемелерди түзүү менен эки тараптуу кызматташуунун биргелешкен “жол картасынын” планын кабыл алуу зарылдыгы тууралуу сүйлөшүштү.

Өз ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташууну диверсификациялоо жана өнүктүрүү жана Кыргызстан менен Афганистандын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды колдоо максатында, Казакбаев биргелешкен кыргыз-афган өкмөттөр аралык комиссиясынын биринчи жыйынын Бишкек шаарында өткөрүүнү сунуш кылды.

Руслан Казакбаев Ооганстандын Тышкы иштер министрине жана ал аркылуу өкмөткө Чоң жана Кичи Памирдеги ооган кыргыздарынын абалын жакшыртуу боюнча ооган тараптан көрүлүп жаткан чаралар үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Кыргыз-ооган мамилелеринин учурдагы күн тартибин олуттуу талкуулоо максатында, тараптар быйыл эки мамлекеттин тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде кезектеги саясий консультацияларды өткөрүп турууну макулдашышты.

Тышкы иштер министри Х.Атмар АИРнын өкмөтү Ооганстандын аймагынан эч кимге коңшу мамлекеттерге жана айрыкча Кыргызстанга коркунуч келтирүүгө жол бербейт деп ишендирди. Ал Афганистан тынчтыкка, туруктуулукка жана аймактык коопсуздукту чыңдоого умтулуп жаткандыгын баса белгиледи.

Ошондой эле ал, Афганистан аралык жарашуу жараянын илгерилетүүдө АИР өкмөтүнө көрсөткөн колдоосу үчүн кыргыз тарапка ыраазычылыгын билдирди.

Министр Казакбаев 2023-2025-жылдар аралыгында БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине Кыргызстандын талапкерлигин, ошондой эле 2027-2028-жылдар аралыгында БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрүн колдоп берүү өтүнүчү менен Афганистан тарапка кайрылды.

Жолугушуунун соңунда тараптар Бишкекке жана Кабулга расмий иш сапары менен келип кетүү үчүн өз ара чакырууларды алышты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.