Кыргызстан мамлекеттик ишканаларга уран казып алууга уруксат берүүнү сунуштоодо

Кыргызстанда 100 пайыз мамлекеттик акциялары бар мамлекеттик ишканаларга уран жана торий кендерин иштетүүгө уруксат берүү сунушталды. Мыйзам долбоору министрлер кабинетинин сайтында коомдук талкууга коюлду.

Ошондой эле мындай кендерди изилдөөгө, радиоактивдүү калдыктарды жана тоо-кен таштандыларын иштетүүгө уруксат берүү сунушталган.

Ошол эле учурда, 100 пайыз мамлекеттик үлүшү бар чарбакер субъекттер же мамлекеттик ишканалар инвестор менен биргелешкен ишкана түзүү аркылуу мындай иштерди жүргүзүүгө укуктуу.

Бирок уран жана торий бар чийки заттарды жана калдыктарды Кыргызстандын аймагына алып кирүүгө жол берилбейт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.