Кыргызстан Кытайга гуманитардык жардам жөнөттү

Коронавирустун жайылышына каршы аракеттерине колдоо көрсөтүү үчүн Кыргызстан Кытайга гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, жүк Кытай тараптан суроо-талабына ылайык даярдалган. Алардын ичинде: антисептикалык жана зыянсыздандыруучу жана жеке коргоочу медициналык каражаттар бар.

Жалпысынан 6 тоннадан ашык гумжардам “Торугарт” көзөмөл өткөрмө пунктуна чейин жеткирилди. Андан ары Кытай бийлик өкүлдөрү алып кетет жана кайсы шаарына жеткиришээрин өздөрү чечишет.

Короновирустун жайылышына жол бербөө боюнча Кытайга башка көптөгөн мамлекеттер гуманитардык жардамдарды жөнөтүп жатышат.

Ал арада бул илдетке кыргызстандык жаран да кабылганы кабарланды. Ал Японияда Diamond Princess круиздик лайнериндеги жарандардын арасында болгону айтылууда. Бул тууралуу World of Cruising журналы жазып чыкты.

Ал маалыматта айтылгандай, лайнерде COVID-19 коронавирусун жуктурган дагы 67 адам катталып, жалпы вируска кабылгандардын саны 500гө жакындады.

Аталган круиздин 3700 жүргүнчүсү болгон жана 3-февралда карантинге алынып, Йокогаманын портуна токтотулган. Аларды 19-февралга чейин кемеде кармап туруу чечими чыккан.

Коронавирус жуктурган биринчи кыргызстандык жаран катталды

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген