Кыргызстан кыргыз-түрк өнүктүрүү фондун түзүүнү сунуштоодо

Бүгүн, 10-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Түркиянын вице-президенти Фуат Октай биргеликте соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын онунчу кеңешмесинин алкагында түрк бизнесмендери менен консультативдик жолугушууга катышты.

Форумда төрага кыргыз-түрк өнүктүрүү фондун түзүүнү сунуштады.

Анын айтымында, мындай фонд азыртан эле Орусия менен иштешип жатат. Ошондой эле, Өзбекстан жана Венгрия менен түзүлгөн. Ошондуктан, эки өлкөнүн өкмөттөрүнө бул маселе боюнча иштөөнү сунуштады.

“Эгерде биз Түркия менен ушундай фонд түзсөк, анда бул жерде Кыргызстандын да, Түркиянын да бизнесине пайда алып келе турган каражаттар келе баштайт”, – дейт Улукбек Марипов.

Ошол эле учурда министрлер кабинетинин башчысы Түркиянын вице-президенти Фуат Октайдын тоо -кен өнөр жайын, туризмди, энергетиканы жана саламаттыкты сактоону өнүктүрүү боюнча сунушун колдой турганын белгиледи.

«Кайсы тармак болбосун, биз түрк тараптан көп нерсени үйрөнө алабыз. Кыргызстанда көптөгөн түрк компаниялары иштеп жатат, алар өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө чоң салым кошушат. Биз мамилелерибизди өнүктүрүшүбүз, инвестиция тартуубуз керек. Президент берген тапшырмаларды аткаруу, инвестиция тартуу үчүн шарттарды түзүү зарыл. Бүгүнкү жолугушууда ишкерлер айрым көйгөйлөрдү айтышты, аларды чечүү керек », – деп жыйынтыктады Марипов.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.