Кыргызстан Кувейтке эт экспорттоону көздөп жатат. Видео

Учурда Эль-Кувейт шаарында Кыргызстан менен Кувейттин эт өндүрүүчулөрү экинчи ирет жолугушту. Анда этти экспортто боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Маалыматка ылайык, иш чарага 30 дан ашуун өлкөдөн ишкерлер катышууда.

“ Кувейт кичине мамлекет болгонуна карабай бай өлкөлөрдүн катарында. Айыл чарба продукциясынын 95% сырттан алып келишет. Бизде Кувейтке эт азыктарын алып келүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Учурда конкреттүү ушул багытта  сүйлөшүүлөрдү алып баруудабыз.” – деди инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Шумкарбек Адылбек уулу.

Мындан сырткары  ал, Кыргызстанда дүйнөлүк стандарттарга жооп бере турган 10 ашуун адал эт өндүрүүчү ишканалар бар экенин кошумчалады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.