Кыргызстан күйүүчү майды ЕАЭБ боюнча эң арзан баада алат

Кыргызстан күйүүчү майды Евразиялык экономикалык биримдике(ЕАЭБ) кирген өлкөлөрдүн арасынан эң арзан баада алат. Мындай маалымат Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан белгилүү болду.

Бензиндин эң кымбат баасы Белорусияга туура келет. Анда күйүүчү майдын тоннасы 555 доллар, андан кийинки кымбат баа Орусияга туура келип, 342 долларды түзөт. Ал эми Казакстан өлкөсү 282 доллардан сатып алат.

Кыргызстан күйүүчү майды эң арзан алганына карабай, керектөөчүлөргө аз сатылат. Кыргызстанда бензиндин литри 33 сомго бааланса, Казакстанда 29 сом. Ал эми эң кымбат баа Арменияда, анда литри кыргыз сому менен 59 сомду түзөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.