Кыргызстан Centerra Gold компаниясынын акционердигинен чыгууга ниеттенүүдө

Кыргызстан Centerra Gold Inc компаниясынын акционерлеринен чыгуу ниетинде. Тергөө Башкы прокуратура менен биргеликте Кумтөр долбоору боюнча бардык келишимдерди денонсациялоо жараянын баштаган. Бул тууралуу кечээ, 8-июлда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында билдирди, деп жазат 24.kg.

Ташиевдин айтымында, ошондой эле өлкөнүн кызыкчылыгына жооп бербеген ички тартип эрежелерин жоюу процесси башталды.

«Биз өкмөт менен 2009-жылы түзүлгөн келишимден чыгууну баштадык. Бул канадалык Centerra компаниясынын акционерлеринен кыргыз тараптын чыгып кетишине алып келет. Учурда активдүү иштер жүрүп жатат », – деди ал.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.