Кыргызстан бюджеттик башкарууну жакшыртуу үчүн Франциянын Linpico SARL компаниясын жалдады

Экономика министрлиги пландоону, координациялоону, аткарууну жана бюджеттин ачыктыгын күчөтүү үчүн Франциянын Linpico SARL компаниясын жалдады. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Linpico SARL Кыргызстанга төмөнкү багыттар боюнча консультациялык жардам көрсөтөт:

  • Орточо жана узак мөөнөттүү мезгилге бюджеттин киреше жана чыгашаларын натыйжалуу болжолдоо үчүн каржылык программалоонун колдонуудагы эконометрикалык моделин жаңыртуу
  • Бюджеттер аралык мамилелерди өркүндөтүү
  • Эл аралык накта тажрыйбага ылайык, акча каражаттарын пландаштыруу, бюджеттик милдеттенмелерди контролдоо жана жол-жоболорун өркүндөтүү
  • Мамлекеттик карызды башкаруунун жаңыланган стратегиясын даярдоо, DMFAS v6.0 конфигурациясына функционалдык жана техникалык талаптарды даярдоо (тышкы жана ички карыздарды башкаруу жана эсепке алуу үчүн)
  • Эл аралык финансылык отчеттуулук стандарттарына ылайык ченемдик-методикалык документтерди иштеп чыгуу.

Компания тапшырманы аткарууга киришип, 19-майда долбоорго катышкан департамент жана бөлүм башчылары менен бир катар жолугушууларды жана талкууларды өткөрдү. Жолугушууларга дүйнөлүк банктын жамааты дагы катышты.

Белгилей кетсек, Кыргызстан 2018-жылдын июнь айында жактырылган “Мамлекеттик финансылык менеджменттин потенциалын жогорулатуу” экинчи долбоорунун алкагында француз компаниясын жалдаган.

Бул долбоор көп тараптуу донордук трасттык фонддун алкагында Швейцария өкмөтүнүн жана Европа комиссиясынын гранттык салымдары менен ишке ашырылууда. Көп тараптуу донордук трасттык фонд дүйнөлүк банк тарабынан башкарылат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.