Кыргызстан Борбор Азияны суу менен камсыздаганы үчүн компенсация алууга ниеттенүүдө

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Арал деңизинин тагдырына байланыштуу жыйында Борбор Азияда суу бөлүштүрүү лимитин аныктоо жана ага кеткен чыгымдарды төлөө маселесин көтөрдү.

Аралды коргоо боюнча эл аралык фонддун сууну үнөмдүү жана натыйжалуу пайдалануу боюнча ишмердигин сындаган президент Сооронбай Жээнбеков суу башында турган өлкөлөрдүн кызыкчылыгын эске алуу менен аны түп-тамырынан бери реформалоону сунуш кылды. Мамлекет башчылары Арал деңизи чоң мүшкүлгө айланганын айтып, ар бир өлкөнүн кызыкчылыгын эске алуу менен иш алып бармак болушту.

Кыргызстан 2016-жылы Арал деңизин сактоо боюнча эл аралык фонддун ишине катышуусун убактылуу токтоткон. Анткени фонддун иши Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбей турганы көрсөтүлгөн. Президент Сооронбай Жээнбеков 2009-жылы Алматы шаарында өткөн саммитте фонд башында түзүлгөндө дарыялардын башында жана төмөн жагында жайгашкан өлкөлөрдүн кызыкчылыгын бирдей сактоого байланышкан кыргыз тараптын сунуштары колдоо таппай келгенин эске салды.

Долбоорлорду жана программаларды каржылоонун ачыктыгында жана акчаны калыс бөлүштүрүүдө маселе бар экени белгиленди. Президент Сооронбай Жээнбеков Борбор Азияда суу бөлүштүрүү тутуму азыркы учурдун талабына жооп бербей турганын билдирди:

– Азыркы сууну бөлүштүрүү тутуму заманбап талаптарга жооп бербейт жана аймактагы өлкөлөрдүн кызыкчылыгын эске алуу менен кайра карап чыгууну талап кылат. Ошондуктан Кыргызстан 1998-жылы кабыл алынган Нарын жана Сыр- Дарыянын суу-энергетикалык ресурстарын пайдалануу боюнча аймактагы өкмөт аралык макулдашуунун алкагында кызматташтыкты калыбына келтирүүнү жактайт. Анткени ал макулдашууда суу-энергетикалык ресурстарды пайдалануунун компенсациялоо механизмдери бар.

Муну менен президент Сооронбай Жээнбеков союз учурунда жана андан кийинки жылдарда Өзбекстан менен Казакстан Кыргызстандын суу сактагычтарынан агып чыгып, кошуна өлкөлөрдүн айдоо талааларын сугарууга колдонулган суу үчүн компенсациялоо төлөмдөрүн эске салды.

Анда Кыргызстан жайкысын сууну тоскоолдуксуз коё бергени үчүн Өзбекстан менен Казакстан Кыргызстанга жеңилдиктерди карап келген. Бирок андай жеңилдиктер 2005-жылдан кийин токтотулган.

Ошол эле учурда Өзбекстан менен Казакстандын президенттери кыргыз тараптын суу пайдаланууну компенсациялоо боюнча 1998-жылдагы макулдашуунун шарттарын күчүнө киргизүү тууралуу демилгесине расмий түрдө ачык жооп кайтарышкан эмес.

Кыргызстан кошуналарынын астына койгон сунуштары иш жүзүндө кабыл алына турган болсо, анда ал Аралды сактоо боюнча эл аралык фонддун ишине катышуусун кайра жандандыра турганы белгилүү болду. Аралды сактоо боюнча эл аралык фонд 1993-жылы Түркмөнстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын катышуусу менен түзүлгөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген