Кыргызстан балдын экспортун көбөйттү

Кыргызстан бал экспорттоону 43 пайызга көбөйттү. Мындай маалымат Улуттук статистикалык комитет тарабынан берилди.

Үстүбүздөгү жылдын январь -май айларында Кыргызстан жалпысынан 76 миллион сомго 221 тонна бал берсе, былтыркы жылдын ушул мезгилине карата 30 миллиондон ашык 126 тонна экспорттолгон.

Эске салсак, Кыргызстан балынын басымдуу бөлүгүн Сауд Аравиясына жана Бириккен Араб Эмираттарына экспорттойт. Ошондой эле, кыргыз балы Япония менен Францияда чоң суроо -талапка ээ.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.