Кыргызстан баасы 310 миллион сом болгон баалуу кагаздарды аукционго чыгарат

21-майда эки жылдык жүгүртүү мөөнөтү менен мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу боюнча аукцион болот, деп билдиришти Улуттук банктан.

Чыгаруунун жалпы көлөмү 250 миллион сомду түзөт. Баалуу кагаздар үчүн купондун чен өлчөмү 5 пайызды түзөт.

20-майда 60 миллион сомго 12 айлык мамлекеттик казыналык векселдерди жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөрүн кошумчалайбыз.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.