Кыргызстан Антигуа жана Барбуда менен дипломатиялык мамилени түздү

Кыргызстан Антигуа жана Барбуда менен дипломатиялык мамилелерди түзүү боюнча биргелешкен келишимге кол койду. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда маалым болгондой, кыргыз тараптан документке кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсалов, Антигуа жана Барбуда тарабынан – элчи Карен Мэй Хилл кол койду.

Биргелешкен коммюнике кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эки өлкөнүн элчилери эки тараптуу деңгээлде жана эл аралык уюмдардын, биринчи кезекте БУУнун алкагында кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты. Тараптар эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилелерди жана ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана чыңдоого көмөктөшүүгө эки тараптуу каалоолорун билдиришти.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.