Кыргызстан 2022-жылы ЖЕЭК жыйынына төрагалык кылат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 11-декабрда өкмөттүн кезектеги кеңешмесин өткөрүп, анын жүрүшүндө күн тартибиндеги 10 маселе каралды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Расмий маалыматка караганда, Жапаров 2022-жылы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына төрагалык кылуу Кыргызстанга өтөрүн жана анын артыкчылыктарын белгиледи.

Кеңешмеде “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” Улуттук холдинг компаниясын” түзүү, “Кыргыз темир жолу”, казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредиттик карызын жабуунун механизми тууралуу, лицензиялык-уруксат берүү тутумуна байланыштуу маселелер каралды. Жыйынтыгында айрым документтерге кол коюлду.

10-декабрда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйыны өтүп, ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров онлайн катышкан.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы ЖЕЭКке мүчө мамлекет башчыларына 2021-жылы аткарылган иштердин жыйынтыгы жана 2025-жылга чейинки Евразиялык экономикалык интеграциянын стартегиялык багыттарын өнүктүрүүдө камтылган иш-чаралардын аткарылышы боюнча маалымат берилерин кабарлаган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.