Кыргызпатент авторлордон гонорар алуу үчүн тутумга катталууну өтүнөт

Кыргызпатент авторлордон гонорар алуу үчүн тутумга каттоону өтүнөт. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, автордук сый акыны бөлүштүрүү 2020-жылга музыкалык жана драмалык чыгармаларды пайдалануу үчүн автоматташтырылган “Гиперограф” программасы тарабынан жүргүзүлдү.

Бөлүм ошондой эле өткөн жылдар үчүн гонорар албаган авторлорду, аткаруучуларды, автордук укуктун ээлерин издөөдө.

Акы алуу үчүн авторлор, аткаруучулар жана мураскорлор Кыргызпатентке кайрылып, келишим түзүшү керек.

Келишим түзүү жана жыйымдарды төлөө үчүн 681 554, 680 086 номурларына чалып кайрылсаңыз болот.

автор: DZh

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.