«Кыргызкөмүр» ишканасы жүк ташуучу техникаларды сатып алды

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы он даана “Хово” жана бир “Нива”  үлгүсүндөгү унаа сатып алды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, бул техникалар тендер аркылуу алынган жана “Кара-Кече” көмүр кенинде иштетилет. Унаалардын ачкычтарын бүгүн, 24-декабарда Энергетика министри Доскул Бекмурзаев айдоочуларга тапшырды.

“Биз буга чейин элди көмүр менен камсыз кылууда оор техникалардын жетишсиздигинен жеке айдоочуларга көз каранды болуп келгенбиз. Себеби “Кыргызкөмүрдүн” өзүнүн “Хово” үлгүсүндөгү техникасы жок болчу. Мындан ары бул көйгөйдөн кутулабыз. Мына бүгүн 10 оор техника сатып алдык, буюрса алдыда дагы кошумча алабыз деген пландарыбыз бар”,- деди министр.

Министр белгилегендей, «Кара-Кечеден» 1 жылда 800 миң тонна көмүр казылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.