Кыргызгидромет: аба ырайы кескин өзгөрөт

Февралдын 27-28и күндөрү Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөөрүн Кыргызгидрометтен билдиришти.

Аталган кызматтан билдиргендей, өлкө аймагында катуу жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт.

Ош, Жалал-Абад, Чүй жана Ыссык-Көл облустарында жааган жамгыр карга айланып, жолдор тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрди түзүп, абанын температурасы кескин төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы байланыш түйүндөрүнө, энергетикага жана коммуналдык кызматтарга кедергисин тийгизиши ыктымал.

Кыргызгидромет 27-28-февраль күндөрү айдоочулар унаа жолдорунда этияттыкты сактап, 500 метрден кем эмес аралыкта унаа айдоону эскертет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген